КИРЕЙИН ДЕСЕ - ЖЕР КАТУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) к. КИРЕЙИН ДЕСЕ - ЖЕР КАТУУ, ӨЛӨЙҮН ДЕСЕ -ЖАН ТАТТУУ Тракторчунун ошондогу уялганын айтпа: кирейин десе жер катуу («Советтик Кыргызстан»).
КИРЕЙИН ДЕСЕ - ЖЕР КАТУУ, ӨЛӨЙҮН ДЕСЕ -ЖАН ТАТТУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата колдонулат. Кирейин десе - жер катуу, өлөйүн десе - жан таттуу көрүнүп, мөгдөгөн ал чоң ташка сүйөнүп отурду (Осмоналиев).